www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Түштүк Кореянын заманбап технологиялары коюлган Кыргызстанда туруктуу иш жүргүзө турган эксклюзивдүү айыл чарба жана өнөр жай көргөзмө-жарманкесинин салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, бул долбоор Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү демилгелердин бири экенин белгиледи.
“Көргөзмөнүн негизги өзгөчөлүгү анын туруктуу иштөө форматы болуп саналат. Бул ата мекендик фермерлер, ишкерлер жана өндүрүш секторунун ишканалары үчүн Корея Республикасынын алдыңкы технологиялары, заманбап жабдуулары жана инновациялык чечимдери менен үзгүлтүксүз таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт. Айыл чарбасына жана өнөр жайга экологиялык жактан таза, ресурстарды үнөмдөөчү жана жогорку натыйжалуу технологияларды киргизүү азыркы өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири”, - деди Эрлист Акунбеков.
Көргөзмө-жарманкеге катышуу үчүн Түштүк Кореянын 60тан ашуун ири компаниялары өздөрүнүн экспонаттарын алып келишкен. Туруктуу көргөзмө аянты Кыргызстандын Борбор Азия регионундагы соода-технологиялык кызматташтыктын маанилүү борборлорунун бири катары позициясын бекемдөөгө көмөктөшөөрү белгиленди.