www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлис Акунбеков Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы жана биргелешкен долбоорлордун жүрүшү талкууланды. Белгиленгендей, 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын өз ара соода жүгүртүүсү 27 миллиард долларга жетти. Ошондой эле Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу, «Бедел» өткөрмө бекетинин ачылышы жана Бедел–Барскоон жолунун курулушу уланып жатканы айтылды.

Тараптар айыл чарба, саламаттык сактоо, транспорт, бажы тармагы жана экология боюнча 11 ири долбоор ишке ашырылып жатканын белгилешти. Жыйынтыгында бул маселелерди өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында кеңири кароо жана ШКУ саммитинин алкагында эки тараптуу документтерге кол коюуга даярдык көрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Последние новости