www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрназар Акматалиев Азия биринчилигинин финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Моңголияда өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты. Ал эркин күрөш боюнча 70 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда.

Акматалиев 1/4 финалда индиялык спортчуну жеңсе, жарым финалда моңголиялык балбанды уткан. Эми финалда япониялык спортчу менен беттешет. Андан тышкары Алмаз Сманбеков (57 кг) менен Арслан Будажапов (79 кг) жарым финалда жеңилүү ызасын тартышты.

Алар коло медаль үчүн күрөшөт. Ал эми Алибек Осмонов (65 кг) алгачкы беттешинде моңголиялык спортчуга жеңилип калды. Акматалиевдин беттештери:

 

1/4 финал Эрназар Акматалиев - Навин (Индия) — 6:3,

1/2 финал Эрназар Акматалиев - Темуулен Энхтуя (Моңголия) — 12:6,

Финал Эрназар Акматалиев - Таиши Нарикуни (Япония).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости