www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрнест Дыйканбаев жаңы кызматка дайындалды

Эрнест Дыйканбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эрнест Дыйканбаев 1978-жылдын 27-январында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылында туулган.

Улуту: кыргыз

Билими: жогорку

1995-жылдан 2000-жылына чейин академик М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин инженер-куруучу адистигине ээ болгон;

2009-жылдан 2011-жылына чеийн Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу Академиясынын угуучусу.

2022-жылдын 23-мартынан тартып КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы болуп дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости