www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президент Кыргызстандын дүйнөдө орду бар мамлекет экенине токтолуп, дүйнөлүк аренада жана региондогу ордун көрсөттү», - деди бүгүн, 23-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.

- Эрнест мырза, 21-сентябрда өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында президенттин сүйлөгөн сөзү ынандырдыбы? Орчундуу маселелерди көтөрө алдыбы?

- Албетте, ынандырды. Президент Садыр Жапаров өзүнүн кайрылуусу менен 30 жыл мүчө болуп келаткан Бириккен улуттар уюмунда Кыргызстанды мамлекет катары бийик деңгээлде көрсөттү.

Биринчиден, Кыргызстан дүйнөдө орду бар мамлекет экенине токтолсо, экинчиден Кыргызстандын дүйнөлүк аренада жана региондогу ордун көрсөттү.

Кыскасы, барандуу жыйындарда сөз сүйлөгөн Садыр Нургожоевич жыйындардын жагдайына жараша орундуу жана омоктуу маселелерди көтөрүп жатат.

Маселен, Улуу Жибек жолундагы Кыргызстандын ордун жана Афганистан боюнча да кайдыгер кароого болбостугун айтты.

Ошондой эле дүйнөдө чоң маанилүү өзгөрүүлөр болуп жатканын, ошого жараша биздин өлкөнүн маанилүү ролун баса белгиледи. Президент Садыр Жапаров өзүнүн кайрылуусунда дүйнөлүк саясаттагы оюндун эрежесин билерин да кыйытты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости