www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү Ооганстанда стабилдүүлүктү орнотуу маселесинде бир пикирди карманышат. Баш катчы Антониу Гутерриш “бешилтиктин” тышкы иштер министрлери менен жолугушуудан кийин Британия, Кытай, Орусия, АКШ жана Франция Ооганстандын тынч жана туруктуу болушуна, гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз, дискриминациясыз бөлүштүрүлүшүнө кызыкдар деп билдирди.

Баш катчы министрлер Ооганстанда аялдар менен кыздардын укуктары урматталууга, өлкө террорчулар башпааналаган жерге айланбоого, өкмөткө калктын бардык өкүлдөрү камтылууга тийиш деп белгилешкенин да кошумчалады.

АКШ, Британия, Франция жана Орусиянын башкы дипломаттары БУУнун Башкы ассамблеянын алкагында Нью-Йоркко барышкан, Кытайдын тышкы иштер министри жыйынга видео байланыш аркылуу катышты.

“Талибан” кыймылынын августтун ортосунда Ооганстанда бийликти басып алышы өлкө радикал уюмдар топтолгон жайга айланышы мүмкүн деген кооптонууларды күчөттү.

Ошол эле маалда Бээжин менен Москва талибдер менен иштешүүнү жокко чыгарбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости