www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо тутумун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, илимий ишмердикте сиңирген эмгеги жана кесиптик ишмердүүлүктөгү чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары Арзыгүл Жоробекова мамлекеттик сыйлык менен сыйланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардактуу наамы ИИМдин Академиясынын начальнигинин окуу жана илимий ишмердүүлүк боюнча орун басары, юридика илимдеринин доктору, профессор, милициянын полковниги Жоробекова Арзыгүл Мамаюнусовнага ыйгарылды.

Ички иштер органдарындагы кынтыксыз кызматы үчүн мамлекеттик сыйлыкка - II даражадагы "Күжүрмөн кызматын өтөгөндүгү" медалына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Ички иштер министрликтеринин, Россия Федерациясынын Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматынын сыйлыктарына татыган. Кыргызстан аялдарынын конгрессинин Лидерлиги үчүн эл аралык маанидеги алтын медалы менен сыйланган.

Милициянын полковниги Арзыгүл Джоробекова Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын отличниги, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги, Кыргыз Республикасынын Кол күрөш жана өзүн-өзү коргоо боюнча федерациясынын вице-президенти.

Биз Арзыгүл Мамаюнусовнаны "Эмгек сиңирген юрист" ардактуу наамы менен куттуктайбыз, анын таалыкпас эмгеги татыктуу баага татыганы үчүн чын жүрөктөн кубанычтабыз. Билими жана мол тажрыйбасы, жогорку кесипкөйлүүлүгү, иштик сапаттары, укук коргоо органдары үчүн кадрларды тарбиялоодо жана даярдоодо үзүрлүү эмгеги терең урматтоого татыктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости