www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болот Шерниязов 2006-жылы «Ата-Мекен» партиясына кирип, ошондон баштап көзү өткүчө бул партия менен кош айтыша алган жок. 2009-жылы Европада социалисттик партиялардын жыйынына барып келген соң инсульт алып, ушул оору аны алып кетти. 2010-жылы инсульттун айынан өз фамилиясы Шерниязовду жаза албай Шер деп кыскартып, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары, Ички Иштер министринин ордун алган. Кийин «Замандаш» партиясында жүргөн иниси Садык Шер-Нияз Маданият министри болордо колдогон жок, бирок 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо, аны «Ата-Мекен» партиясынан депутат кылды. Жакында ал Францияга элчи болуп кетип, «самокат» тээп жүрөт. Ал эми дагы бир иниси Абылкасым Шерниязов «Кыргызстан» партиясына кошулуп, 2015-жылы өткөн шайлоого катышкан, 2020-жылы «Ата-Мекен» партиясына учкашып, шайлоого аттанган. Эми ал бир мандаттуу округдан депутат болууга даярданууда. Маркум Болот Шерниязов 2005-жылы Таластагы бир мандаттуу округдан Акаевдин спикери Алтай Бөрүбаевди утуп парламентке келген.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости