www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Икрам Илмияновду «кустурса» бюджеттин бир капшыты толобу?

Алмазбек Атамбаевдин доорунда Икрам Илмиянов өлкөдөгү таасирдүү экинчи фигурага айланып, асмандап жүрүп калган. Башкасын айтпсак да, кадр саясатына, Финансылык ресурстарга активдүү аралашканын кантип жокко чыгарабыз?

Президенттик аппараттын орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, өзүн экинчи «хандай» эле көрүп калган да. Куугунтук жүргүзүүгө да салым кошкону талкууланып келген...

Айтмакчы, Сооронбайдын бийлиги учурунда ага карата «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, аз убакытка түрмөгө отуруп чыкканы, жеңил жаза алганы маалым.

А эң башкысы, Икрам Илмиянов шопурлуктан олигархка айланганы, мал-мүлккө, бизнеске, элиталык үйлөргө жеткени жалганбы? Күч органдары тыкыр иликтөөгө алышса, төбө чачты тик тургузгандай байлыктары бапырап чыкса керек, туурабы?

Эгерде Икрамды «кустурса» бюджетин бир капшыты толуп, бийликтин рейтинги көтөрүлөт беле? Учур талабы ушундай эй!

Булак: Азия News гезити

Последние новости