www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын айынан Европа Биримдиги тараганы калды. Мындай пикирди бүгүн, 23-сентябрда УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Акыркы убакта Америка Кошмо штаттарынын жүргүзгөн тышкы саясаты өзгөчө Европалык биримдигине кирген мамлекеттерине, алдыңкы флагманы болгон Германия, Францияны абдан чочулатып, кооптондура баштады. Буга чоң себептер бар. Мисалы, акыркы 3 жылдын ичинде Германия менен Франция бул биримдикке чоң каражат бөлгөн. Ошого карабастан, АКШнын сөзүнө кирип, алардын буйруктары менен Россияга каршы экономикалык санкцияларды жарыялаган мамлекет болуп калышты.

Алардын негизинде Россияга бут тосуп алышты. Бирок өздөрүнүн мамлекети экономикалык жактан аябай жабыркады. Соода-сатык, кирешелер төмөндөп, айрымдары жокко чыгып калды.

Экинчиден, Американын Европа Биримдикке жасаган мамилеси өзгөрө баштады. Себеби акыркы окуя буга далил болду. 2016-жылы Франция менен Австралия суу астында жүрө турган атомный лодкаларды сатуу боюнча 40 миллард долларлык келишим түзүшкөн. Бирок, жакында эле Австарлия АКШнын коштоосу менен бул келишимди бузду. Кайра Америка Австарлия, Улуу Британия үчөө биригип алып, союз түзүштү. Анда коопсуздук боюнча Индия жана Тынч океандарында жаңы үстөмдүк кылыш боюнча өздөрүнчө келишим түзүштү.

Бул Европа Биримдигинин лидерлери болгон Францияны четке кагып, АКШнын алар менен жүргүзгөн саясаты жаңы коопсуздук уюм түзгөнү билинип турат. Германия сыяктуу мамлекеттеринин тышкы министрлери чогулуп, чоң талкууга салышты. Ал эми Франциянын депутаттары Америкага ишеним кетип, иш жүргүзүү абдан кыйын болуп калды дешти. “Мындан ары Америкасысыз өз алдынча чоң иштерди жасайбыз деген ойлорун билдиришти.

АКШ геосаясатта же башкасында болсун дайыма өз кызыкчылыгын көздөп келет. Дагы бир жолу дүйнөгө жүзүн, төмөндүгүн көргөзүп койду.

ЕБ кирген мамлекеттеринин лидерлери Американын кадамдарын түшүнүп, ишенимден чыкканын айтышты. ЕБ ушундай темп менен кетсе, келечеги жакшы болбойт. Эл аралык деңгэлдеги экпсерттер, саясатчылар жакын арада Европа Биримдиги толугу менен бузулуп же тарап кетиши мүмкүн деген ойлорду айтып жатышат. 

Ал эми Франция жана Германия Россия менен чогу чоң долбоорлорду ишке ашыруунун аракеттерин көрүп жатышат.

Ага бир мисал, “Северный поток” деген газкууру далил боло алат.  

Россия болсо экономикалык санкцияларга багынбай, саясий жактан дайыма сөзүнө турган мамлекет катары өзүн көргөзө алды. Эл аралык деңгээлде кадыр-баркы көтөрүлдү. Булардын туруктуулугу башка мамлекеттерди кызыктырып, чогу чоң иштерди алып барууга мүмкүнчүлүк түздү.

Ал эми алдыда ЕСге окшогон уюмдардын геосаясатта бири-бирине үстөмдүк кылган, улуттук кызыкчылыктарга басым көбөйө берсе, уюмдун арасында мамилелердин бузулушуна алып келип тарашына түрткү берет”, - дейт Медетбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости