www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президент Кыргызстандын демократиялык жолдон тайбай, жарандык коомдун институттарын өнүктүрөөрү тууралуу дүйнөлүк коомго кулак-кагыш кылды», - деди бүгүн, 23-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев.

«Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын жыйынында 21-сентябрь күнү сүйлөгөн маанилүү билдирүүлөрүнүн бири «Кыргызстандагы демократиянын пайда болушу мамлекеттин өнүгүшү менен күчтүү жарандык коомдун калыптанышына түрткү берди», -  дейт саясат таануучу Бакытбек Жумагулов.

- Президент бул билдирүү менен Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолдон тайбай, жарандык коомдун институттарын өнүктүрөөрү тууралуу дүйнөлүк коомго кулак-кагыш кылды.

Ошондой эле, анын сөзү боюнча, дүйнөлүк коомчулукка таза иштебеген инвесторлор тууралуу ООНдун конвенциясына ылайык Кыргызстан коррупцияга каршы жана экологияны талкалоочу иш аракеттерге каршы иш алып барат.

Кыргызстан бул документти 2005-жылы ратификациялаган. Ошондой эле 2022-жылды тоо жылы деп жарыялоо демилгеси менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу менен бирге Кыргызстандагы мөңгүнү сактап калуу жана өлкөдөгү биологиялык түрдүүлүктү сактап калууга өбөлгө болот деп ишенем.

Президент белгилегендей тоолор суунун, энергетиканын жана биологиялык түркүн түстүүлүктүн маанилүү булагы болуп саналат. Андан сырткары тоолор баа жеткис ресурс. Буюрса, 2022-жыл тоо жылы деп жарыяланса, Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, бир топ маанилүү маселелер чечилип калышы ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости