www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең менен жана кечинде электр жарыгы өчүрүлөт

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому электр энергиясынын өчүрүлүшүнүн себептерин түшүндүрдү.

«Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтериндеги эки гидроагрегатты оңдоого алуудан 290 МВт электр энергиясынын тартыштыгы байкалууда. Ошондуктан электр жабдуулары ашыкча жүктөө менен иштейт жана электр жабдууларын сактоо үчүн тиешелүү коргоо жана автоматташтыруу системалары ишке киргизилүүдө.

Электр жабдууларын иштен чыгарбоо үчүн жүктү жөнгө салуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Электр менен камсыздоону калыбына келтирүүнүн болжолдуу убактысы 1-1,5 саатты түзөт.

Кыргызстандын улуттук электр тармагы керектөөчүлөрдү электр энергиясын этияттык менен колдонууга жана энергияны көп талап кылган бир нече электр шаймандарын бир убакта күйгүзбөөгө чакырат.

Энергетика тутумундагы мындай кырдаалда электр энергиясын керектөөгө кыска мөөнөттүү чектөөлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты. Жүктөмдүн эң жогорку чегинде, эртең мененки саат 06:00—09:00 жана кечки саат 18:00—21:00 аралыгында жарык өчүрүлүп турат», - деп билдирди «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости