www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтөт

20-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтөт. Отурум саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында башталат. Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. «2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, 2011-жылдын 19- декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);

2. «2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирликтин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);

3. «2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29- майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);

4. «2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);

5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

6. «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);

7. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);

8. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Атаандаштык жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);

9. «Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости