www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-майда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтөт. Отурум саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында башталат. Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
1. «Сырткы видеобайкоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);
2. «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык Мыйзамдын долбоору;
3. «2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет);
4. «Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет);
5. «Эл аралык чукул жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет);
6. «Өрт коопсуздугу жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет);
7. «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет);
8. «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет);
9. «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору.
Булак: NazarNews.kg