www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жөлөк пул 1-июндан баштап көбөйтүлөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) өткөн балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.
"Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилүүчү жөлөк пул көбөйтүлөт, эгерде алар 810 сом алышса, эми алар 1 200 сомдон алышат. Ошондой эле жогорулатуу жардамга муктаж жарандардын башка категорияларына таасирин тийгизет", - деди министр.
Иш-чаранын жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген 200 балага уюштуруучулардын атынан белектер таратылды.
Булак: NazarNews.kg