www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атактуу кинорежиссер «Кыргыз кино кереметин» жаратуучулардын бири, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы «Манас» ордени жана башка сыйлыктардын ээси Болот Шамшиев 80 жашка чыкмак.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул датага ылайык, 12-январь күнү бир катар иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Алар:

- Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында саат 11:00дө Болот Шамшиевдин «Баатыр жүрөк Кааба» китебинин бет ачар аземи;

- Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө саат 14:00дө эскерүү кечесин өткөрүп, «Ак кеме» көркөм тасмасы көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, Болот Шамшиев «Ак кеме», «Караш-Караш окуясы», «Сүйүү закымдары», «Адамдардын арасында», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан», «Снайперлер», «Фудзиямадагы кадыр түн» жана башка атактуу кинолордун режиссёру болгон.

Эскерте кетсек, белгилүү режиссёр Болот Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында каза болгон.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости