www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  Мурат Жетимишбаев менен президенттик шайлоонун алкагындагы жаралган жагдайлар боюнча пикир алыштык.

- Мурат мырза, бул шайлоо баштагы шайлоолордон айырмачылыгы байкалдыбы же андагы ыкмалар бу сапар да колдонулдубу?

- Президенттик шайлоо мурунку шайлоолордон дээрлик айырмаланып өтө таза өттү. Ага мен мен толук кепилдик бере  алам. Шайлоо күнү  айылдарды аралап, байкоо жүргүздүм. Мурунку шайлоолордогу ыкмалар колдонулбаганын көрүп, таза шайлоо болгонуна ынандым. Эмнегедир бул жолу мурункудай жайнаган үгүтчүлөр деле болгон жок. Эл чындап өзгөрүүнү самап калыптыр. Ошондуктан, өз үмүтүн Садыр Жапаровго байлаган эл өздөрүнүн эрки менен келип, Садыр иниме добуштарын берип жатышты. Кыргызстан боюнча ушундай колдоо тапкан талапкерге,  аны шайлаган жалпы элге чоң рахмат. Бул шайлоо бардык жагынан таза болду.

- Эгер шайлоо сиз айткандай таза болсо, эмнеге шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм дегендер чыгып жатат?

- Шайлоо жыйынтыгын тааныбайм дегендерди өз абийирлерине коёлу. Көрүп, билип туруп, ушундай билдирүү жасагандарды чыны, мен такыр түшүнбөйм, түшүнүгүм да жетпей турат. Кыргызча айтканда,  жөн эле  Трампчасынан  таарынганы болсо керек.

- Бул жеңиш элдикиби же уюштуруучулардыкыбы?

- Бул шайлоодо жалпы эл жеңишке жетишти. Жеңиштин ээси бир гана эл. Ал эми кээ бир туура чабаарлар «мен уюштурдум, мен жеңишти алып бердим»,- дегени жөн эле суу кечпеген жагынуучулук, устукан үмүт кылгандык десек болот.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости