www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Шайлоочулардын дээрлик көпчүлүгү өз тандоосун ачык, айкын көрсөттү, ушуну да тааныбайм дегендер дүлөй менен сокурлар!” Бул тууралуу пикирин бүгүн, 11-январда NazarNews маалымат агенттигине  Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров билдирди.

-Азимбек агай, президенттик  шайлоо  калыс, адилет жана таза өттү деп ишенсек болобу?

-Учурдан пайдаланып Садыр Нургожоевичти жеңиши менен куттуктап кетели. Бир эле жеңишти эмес, мезгилдин, элдин берген оор жүгүн милдетин мойнуна алды. Көп убада сөздөр берилди. Бир Кудай өзү жар болуп, элдин асыл үмүтү, тилеги орундалсын. Бул шайлоо акыркы жылдары өткөрүлгөн шайлоолорго салыштырмалуу адилеттүү, акчасыз өттү десек болот. Мен мурда айткандай кечээги шайлоодо элибиз, октябрь айындагы жеңишин формалдуу, юридикалык жактан биротоло бекитип алды. Эми президентибизди башка мамлекеттер тааный баштайт.

-Президенттик башкарууга багыт алганыбыз туура эле болдубу?

-Бул элдин тандоосу болду. Эл болсо бийликтин булагы, эгемендиктин ээси. Эми Элдин тандоосуна ылайык Садыр Жапаров анын командасы, президенттик таза башкаруусу бар мамлекет системасын куруу багытында баштаган, реформанын экинчи этабын башкача айтканда, Конституцияны жаңыртуу керек. Жапаровдун тарыхый эң жогорку жоопкерчилиги мына ушул маселеде жатат. Ал канчалык деңгээлде  Кыргызстанды демократиялык, укуктук, президенттик Республикага айланта алат?! Кеп ушунда!

-Шайлоону тааныбайм деген топтор эми маселе жаратпайбы?

-Бул эми шайлоо бүткөндө жеңилгендердин  айтчу сөзү, ага көп деле көңүл бурбоо керек. Шайлоочулардын дээрлик көпчүлүгү өз тандоосун ачык, айкындуу бекем көрсөтпөдүбү, ушуну тааныбайм дегендер дүлөй менен сокурлар!

-Неге үч пайыз менен президент болгон Жээнбековду тааныган Мадумаров бугун Садыр Жапаровдун жеңишин тааныгысы келбей жатат?

-Мадумаровдун бир гана Бакиевди куттуктаганын билем, башкаларын баарын эле «тааныбайм, мыйзамсыз...»- дейт да анан эле саясый процесстерге аралашып, акыл айтып жүргөнүн көрөсүң. Ал Убактылуу Өкмөттү тааныбайм деген, бирок анын Декрети менен өткөрүлгөн шайлоого катышкан. Атамбаевди тааныбайм деген, бирок анын жарлыгы менен кызматка кетти. Жээнбековду да тааныбайм деп жүрдү, бүгүн болсо Жээнбеков бийлигин өткөрүп берген процесстердин баарын, октябрь төңкөрүшүнөн берки бийлик алмашууну мыйзамсыз деп жүрөт. Эртең Жапаров дайындаган шайлоого катышат, же кызмат берсе кетет. Эмне дейбиз сөз эркиндиги деген ушул...

-Бу сапар атаандаштар элдин тынчтыгын ойлобой жатышабы же талапкерлер Садыр Жапаровдун жеңишин аягына чейин тааныбайбыз деп сүйлөшүп алышканбы?

-Башка талапкерлердин сүйлөшөбү, жокпу ага көңүл бурбоо керек, бардыгы биригип канча добуш алышты?! Адахан эч качан башкалар менен бириге албайт, сүйлөшө да албайт. Анткени, ал өзүнөн башканы «тааныбайт».

-Курсан Асановдун да айрым тарапташтары “добуш уурдалды, ага ким жооп берет” деп жатышат го?

-Добуш уурдалса, аны табуунун же аны жокко чыгаруунун мыйзамдарда бекитилген  жолдору, жоопкерчилиги бар. Аракетиңди ошол жолдор менен жаса, эгерде ошол бир нерсени өзгөртсө же чече  турган болсо. Жеңилүүнү көтөрө билүү, моюнга алуу да кыргызча айтканда жигитчиликке жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости