www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Владимир Владимирович, мен сизге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайлангандыгыма байланыштуу жылуу куттуктоолоруңуз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Мындай сөздөрүн Садыр Жапаров өзүнүн Инстаграмм баракчасында Путинге болгон ыраазычылыгын билдирип, жолдомо таштаган.

“Биздин элибиздин ортосундагы көп жылдык достук, өз ара түшүнүшүү жана колдоо мамилелеринин негизинде Кыргыз Республикасы ар дайым Россиянын ишенимдүү жана туруктуу өнөктөшү болгон жана болуп кала берээрин чоң канааттануу менен билдиргим келет.

“Мен Кыргыз-Орус мамилелери мындан ары да эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк рухунда динамикалуу түрдө жана жемиштүү өнүгө берет деп ишенем”,- дейт Жапаров.

Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстандын ЕврАзЭС, ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагында бирдиктүү иш жүргүзүүсүндө Россиянын колдоосуна ишенээрин билдирип, ар кандай тармактарда кызматташуу кызуу өтөөрүнө үмүт артаарын айтты.

“Сизге, урматтуу Владимир Владимирович, чың ден-соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүктө ийгилик, ал эми Россия элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм. Сиз менен тез арада жолугушуп, кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн чыдамсыздык менен күтөм”,- дейт өз сөзүндө Садыр Жапаров.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости