www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров  россиялык "Комерсант" басылмасына интервью берген учурда WhatsApp каналынан 50дөй тайпа ачканын билдирген.  

--"Жарандардын контактыларын топтоп WhatsApp каналынан 50дөй тайпа ачтым. Алар аркылуу "Кумтөр" жана өзүмдүн иштерим тууралуу маалыматтарды жайылтып турдум. Ошентип 3,5 жылдын ичинде жалпы элге үнүмдү жеткирдим. Абакта 24 саат бою бошсуң да. Ушундай жол менен мен түрмөдө жатып революция жасадым", — деген Жапаров.

Ал эми журналист "абакта отуруп алып соцтармакка кирүүгө мүмкүн беле" деген суроону узаткан.

--"Мыйзам жүзүндө болбойт, бирок биз жолун таптык", — деп жооп берген ал.

Маекте Жапаров бир катар реформаларды жасай турганын айтып, бийликке туугандарын алып келбей турганын убадалаган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости