www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Урматтуу, Касым-Жомарт Кемелевич, сизге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайланышыма байланыштуу куттуктоолоруңуз үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем”,- деп Садыр Жапаров Казакстан президентинин куттуктоосуна карата жиберген жообунда.

Өз сөзүндө Жапаров Кыргыз-Казак өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары жакшы коңшулаштык жана бир туугандык мамилелердин духунда өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин белгилеп, эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер өлкөлөрдүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да динамикалуу өнүгө берет ишенимин билдирген.

“Учурдан пайдаланып, сизге, урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, чың ден-соолук жана өкмөттүк кызматта ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Казакстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”,- дейт өз сөзүндө Садыр Жапаров.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости