www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең Кыргызстанга «Moderna» вакцинасы алынып келинет

Эртең, 25-ноябрда Кыргызстанга «Moderna» вакцинасы келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова ,Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, COVAX программасынын алкагында 115 миң доза вакцина алынып келинет.

«Вакцина бир жуманын ичинде аймактарда, ал эми эки күндүн ичинде Бишкек шаарында жеткиликтүү болот. Вакцинанын эффективдүүлүгү 90 пайыздан ашат. Дары -15...-25 температурада сакталат. Андан кийин аларды эритип, эмдөө пункттарында 30 күн сактоого болот», - деди ал.

  • Учурда Кыргызстанда «Sinopharm», «SinoVac», «QazVac», «Sputnik Light» вакциналары бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости