www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыкты кызматкер башкаларга караганда көп иштейт, көп эс алат.
(Том Хопкинс)
Көз менен кабак кандай ажырагыс болсо, эмгек менен эс алуу да ошондой эле ажырагыс.
(Рабиндранат Тагор)
Эгер эс алганга такыр убактың жок болсо, демек, эс алар убактың келиптир.
(Сидни Харрис)
Эгер фонтаның болсо, өчүрө тур, ал байкуш да эс алсын.
(Козьма Прутков)
Эчтеке кылбоо – эс алуу дегенди билдирбейт.
(Ганс Селье)
Анда-санда адам өзүнөн да эс алышы керек.
(Макс Фрай)
Бекерчилик – эс алуу эмес.
(Джеймс Фенимор Купер)
Жакшы эс алганга да чоң эмгек керек.
(Евгений Кащеев)
Жолоочу тоонун башына чыккан соң, чокуда жыргап эс алат. Бирок, аны чокуда биротоло калтырып койсо эмне болот?
(Стендаль)
Менин түшүнүгүмдө дүйнөдө эки жыргал бар: китеп окуу жана табигаттын койнунда эс алуу. Эгер экөөнү айкалыштыра алсаң, жыргалдын туу чокусу болот. (Майкл Финкель) Рахаттанып жасаган иштин өзү эс алуу.
(Соня Шаталова)
Мен иштеген учурда эс алам, бекер отуруп, же конок тоскондо чарчайм.
(Пабло Пиккасо)
Ал эс алууга ушунчалык муктаж болгондуктан, тагдыр анын бутун сындырганга аргасыз болду.
(Мэри Энн Шеффер)
- Ишемби күнү иштеген жаман ээ?
- Жай мезгилинде иштеген андан да жаман.
(Ринат Валиуллин) Америкалыктар, силер көңүл ачканды билесиңер, бирок эс алганды билбейсиңер.
(“Eat Pray Love” тасмасынан)
Чыныгы эс алуу – биз энебиздин курсагында өткөргөн тогуз ай.
(Фредерик Дар)
Эс албай иштей берсең, бир күн көрүстөндөгү эң бай адамга айланасың.
(Стив Джобс)
Араба кышында, чана жайында эс алат. Ат байкуш гана эч качан эс албайт.
(Еврей накылы)
Качып баратканда эс алуу жөнүндө ойлонбош керек.
(Сергей Лукьяненко)
Күн тийип турганда эс алуу жөнүндө ойлонгонго эрте.
(Джером Клапка Джером)
Грузиндерде мындай сөз бар: “Жүрөк өз кишилердин арасында гана эс алат”.
(Андрей Александрович Васильев)
Мээни эс алыш үчүн гана пайдалансаң, ал боткого айланып калат.
(Георгий Зотов)
Эс алуу эмгектин аркасы менен таттуу.
(Уильям Эллери Ченнинг)
Азил-тамаша чыңалууну бошоңдотот, демек, эс алдырат.
(Аристотель)
Биз чарчаган учурда денебиз эс алууну, мээбиз уйкуну талап кылат. А биз аларга эмнени сунуштайбыз? Кофени!
(Лоран Гунель)
Эс алганды билбеген киши жакшы иштегенди да билбейт.
(Кытай накылы)
Эгер сен демалыш күндөрү жакшылап эс албасаң, Жараткандын амирине каршы чыккан болосуң.
(Дейв Наварро)
Жаман ойлорду ойлогон киши жакшы эс ала албайт.
(Юрий Зарожный)
Баатыр иштегенде эс алат, бош отурганда чарчайт.
(Казак накылы)
Жүрөк – дем алуусуз иштеген дүйнөдөгү жападан-жалгыз кыймылдаткыч.
(Аристарх Ромашин)
Булак: Азия News гезити