www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«7- чакырылыштагы депутаттардын өдүк-сөдүк сүйлөгөндөрү, элге каршы келген сунуштары көпчүлүктүн кыжырын келтирүүдө», - деди бүгүн, 23-апрелде NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.

- Эсенгул агай, 7-чакырылыштын депутаттарынын деңгээли, дээри байкалып калдыбы?

- Бардык чакырылышта эле тажрыйбасы жок интеллекти төмөн депутаттар болуп келген. Бирок өзгөчө 6, 7-чи чакырылыштагы депутаттардын түшүнүп түшүнбөй өдүк-сөдүк сүйлөгөндөрү, кээде балп этип элге каршы келген сунуштарды айткандары таң калтырып элдин кыжырын келтирүүдө.

Элдин турмушундагы көйгөйлүү маселелерди чече турган мыйзамдарды чыгарышпай өздөрүнүн бизнестерине күйгөндөр андан дагы уялбай мамлекеттин кыймылсыз мүлктөрүнө көз артып чуркагандар аз эмес. Бул көрүнүштөр элге жакмак беле.

- Адахан Мадумаровдун сөздөрүнө неге көпчүлүк депутаттар теригип жатат? Ал ылгабай сүйлөп, кесиптештерин капа кылып жатабы?

- Адахан Мадумаров чынында өтө тажрыйбалуу тилинен чаң чыккан, мыкты аротар инсан. Бирок депутат болгондон бери бир кемчилигин көрсөтүп койду, ал курч сөз айтып сунушун берип тим болбостон, өз коллегаларын жана сессияга келген министрлерди сындагандан тышкары кемсинткенинде жана акыл үйрөткөнүндө.

Депутат кайым айтышпай, кыска нуска сүйлөп өз көз карашын так билдирип, сунушун айтып коюшу керек. Депутаттык этиканын бекем сакташ керек, ошондо жогорку интеллекти бар экенин билдирет эле деп ойлойм. Баркы ого бетер көтөрүлмөк.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости