www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Парламент - бул акылдын, билимдин, маданияттуулуктун, сөзмөрлүктүн ордосу, ал жерде «сизиң-бизиң» деген жылмакай же митайымдык позиция өтпөйт», - деди бүгүн, 23-апрелде NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, 7-чакырылыштын депутаттарынын деңгээлин байкагандар ар кандай баасын бере баштады. Сиз 7-чакырылыштын депутаттарына анализ жасай алдыңызбы?
- Мугалим катары VII чакырылыштын депутаттарын кунт коюп байкап жана изилдеп келем. Айрыкча жаңыдан келгендерин. Тилекке каршы көңүл кубантаарлык нерсе байкала элек.
Дагы да болсо мурдагы, тажрыйбалуу депутаттар үстөмдүк кылышууда. Сессиянын башталышында көпчүлүгү атырылып чыгышып, жаңы дем менен микрофондорго умтулушуп жатышты эле, анан парламенттин чыныгы иши башталганда желдери чыгып отуруп калышкандай.
Бул деле түшүнүктүү. Билими терең, турмуштук тажрыйбасы мол, анан эң башкысы мамлекеттик башкаруу системасын ичинен билүүгө катуу талаптар коюлат, депутаттын алдына. Ар бир көтөрүлгөн мыйзам, токтом долбоорлорунда өлкөнүн тагдыры илинип турат. Аны адекваттуу түшүнүп, сунуш берүү оңой-олтоң иш эмес.
Анын үстүнө сен өзүңдүн позицияңды публиканын алдында ачык коргоп чыгышың керек. Жаныңда эле отурган тажрыйбалуу депутаттар сенин түз оппонентиң. Ал эми кыйыр сынчыларың - бул калың эл.
Тамтаңдап ойду-тоону сүйлөп кирсең кыраан кыргыз талпагыңды тез эле ташка жайып коёт. Өтө эле сабатсыз болсоң же көпкөлөң болуп туруп алсаң эл өзү эле кызматтык карьераңа чекит коёт дагы, сенин саясий өмүрүң бүтөт.
Ошондуктан, билими тайкы, акылы үстүртөн болгон көлдөлөң депутаттар тез эле мокоп, көшөгөнүн артына кире качышат. Ар дайым эле ошондой депутаттар ылганып көлөкөдө калып келишкен.
Тилекке каршы, мындай депутаттар азыркы чакырылышта көп экен. Алар, демейде эмне менен алек болушат? Өздөрүнүн бизнестерин коргоп калуу менен гана алектене башташат. Көшөгөнүн артындагы былгытма саясаттын «мастерлерине» айланышат.
Алардын бир буту акча сурап же туугандарын жумушка орнотуп аткаруу бийлигинде, экинчиси болсо, шаан-шөкөт, аш-той, «кызматтык туризм» болуп кетет дагы, ЖКга кол бошогондо эле катышып жүрүп калышат. Мен аксакал катары жаңы келген депутаттарга айтаар кеңешим: «Парламенттке ар кандай жол менен келдиңер. Жакшы болду, буюрсун!
Эми күнү-түнү жанды карч уруп иштеңиздер. Билимди университеттерден алган менен эл өкүлү катары сиздер ар дайым авангардда болуңуздар. Мыйзам долбоорун миң кайталап окугула. Активдүү болгула. Азыр көшөгөгө кире кача турган заман эмес.
Эл бул сапар ар бириңерге баа берип баштады. Жакынкы күздө эле «жөжөңөрдү санап» коёт! Анан начар болсоңор парламенттин өзүнө доо кетет. Эл ишениминен чыгат!
- Кагазга жазып алып каяша кайрыган же болбосо урушкан депутаттар буга чейин болду беле?
- Парламент - бул акылдын, билимдин, маданияттуулуктун, сөзмөрлүктүн ордосу. Бул жерде «сизиң-бизиң» деген жылмакай же митайымдык позиция өтпөйт. Дүйнөлүк парламент тарыхы ошондой. Ар бир депутаттын өздүк «менмин» деген түшүнүгү бар.
Деги эле иштерман жана чечен адамдар үстөмдүк кылып келген жай. Эгер сен өз алдыңча сүйлөп, дебаттарга активдүү катыша албасаң, анда өз эркиң менен эле башка аткаруу кызматтарына кетип калганың оң.
Тилекке каршы, кийинки жылдары ЖКнын деңгээли ушунчалык төмөндөп кеткендигине байланыштуу, ким болсо дагы депутат боло алат деген ой көпчүлүк адамдарды бийлеп алган. Анан кагаз кармап окуп коюунун өзү кадыресе эле көрүнүш болуп калды. Ошондой депутаттар мыйзам жазмак турсун, даяр долбоорлорго деле түшүнө беришпейт.
Андайларга башында бирин-экин жардам беришет. Бирок, 5 жыл бою эле аны «эркелетип, көтөрмөлөп» жүрө турган ким бар?
Акыры андай эргул «инвалид-депутатка» айланып, колу-бутка оролуп-чалынып, жалпы ишке жолтоо боло баштайт.
Андай депутаттын эң көрүнүктүү кылган иши - ар кимдин пикирине макул болуп кнопка басып отуруп калат! Беш жыл сессияда бир жолу сүйлөп же пикир айтып койбогон деле депутаттарды көрүп жүрдүк го? Бул сапар андай болбогула деген эле каалоом бар.
Кыскасы, кагазга үңүлбөй өз оюңарды оппонентиңердин бетине тике карап эле айткыла демекчимин!
- Адахан Мадумаровго неге көпчүлүк депутаттар теригип жатат? Ал ылгабай сүйлөп, кесиптештерин кемсинтип жатабы?
- Адахан Мадумаров - бул көрүнүктүү саясатчы, билимдүү жана тажрыйбалуу парламентарий. Ал 30 жашында Жогорку Кеңешке депутат болгон. Өзүнүн мээнеткеч жана өжөр касиеттеринин үзүрү менен жогорудагыдай даражаларга жетип отурат.
Ооба элибизде «ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр» деген макал бар. Анын карманган позициясы, курч жана тике айткан сөздөрү көбүнө жакпай калышы мүмкүн. Бирок, парламент ошонусу менен өзгөчөлүктүү, кызыктуу жана пайдалуу.
Элестетип көрсөңүздөр. Бардык депутаттар бирдей тон менен сүйлөшүп, окшош пикирлерлеш болуп калган учурларын. Андай парламенттин колунан эч нерсе келбейт, демек анын барынан жогу жакшы.
Ар бир депутаттын өзгөчөлүгү болуусу керек. Бирок, бир нече талап баарына бирдей коюлат. Бул кесипкөйлүк, билимдүүлүк, патриоттуулук, тазалык, чынчылдык, жана башка жалпы адамгерчиликке мүнөздүү касиеттер!
Ушундай сапаттар гана өлкөнү өнүктүрөт. Ар ким дараметине жараша иштейт. Акылы бар депутат күчтүү жана билимдүү депутаттардан үлгү алат. Анын жакшы касиеттерин окуп-үйрөнөт. Аша - чаап кеткендерине адекваттуу жоопторду берет.
Ошондо дагы көшөгөнүн артында интрига кылбай же уюшуп алып чабуул коюу эмес, кыйын болсоң ачык дебатка чыгып, айкырып-кыйкырбай, балит сөздөрдү колдонбой эле оппонентиңди ордуна коюп койсоң болот.
Дүйнөлүк практика ушундай. Ал турсун жакалашып кеткен учурлар деле болуп жатпайбы. Ал дагы болсо аша чапкандык. Билимдин тайкылыгын кара күчкө салып чечмей жорук. Бул жаман жол. Коомго терс таасирин берет. Бир нерсеге көңүл бурсак.
Өзү трибунадан курч маселелерди көтөрүп, тайманбай сын айтып, аны оңдоо жолун убагында көрсөткөн депутат пайдалуубу же бысмыйып отуруп алып, оңду-солду былгытып коюп, анан билмексен болуп, жогору жакка ушак ташыган депутат сөрөй пайдалуубу, элге?
Албетте, экинчиси миң эсе коркунучтуу! Ал элге дагы президентке дагы жакшылык кылбайт. Өзүн гана ойлойт.
Керектүү жерде кимди болсо дагы өңүтүнө келтирип туруп өлтүрө чабат. Мите курт болуп элдин канын соргон дагы ошолор!
Булак: NazarNews.kg