www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Май, июнь айларында чыгат. Жапайы ромашка күчтүү келет. Гүлүн терип, салкын жерге кургатып, чүпүрөк баштыкка же банканын ичине салат. Чайдай демдеп бериш керек. Балдар ичеги ооруп  суук тийгизсе, чайдай демдеп берет. Ичи ооруп тарамышы тартышса 2 кашыктан ысык бойдон берсе, ич оору басылып, тамак жакшы сиңет. Аялдардын жатынына суук тийсе, жатыны ылдый тартып турса, ромашканы 1 күндө 3 жолу 7-8 күн чайдай демдеп ичет. 1 ст ромашканы 1 л кайнаган сууга демдеп, бир аз кайнатып, муздатып, сузуп алып, марганцовкадан кийин ромашка менен алмурут аркылуу спринцовка кылат. 1 күндө  1 жолу 3-4 күн күн алыс спринцовка менен жууйт. Жатынына суук тийген аялдарга, төрөй албагандарга жардамы бар. 1 күнү 1 л кайнаган сууга ачык марганцовка салып даярдап, анан 1 ст ромашканы 1л  сууга демдеп, 10-15 минуттан кийин сүзүп алат. Эт араң чыдагандай ысыгыраак 2 банка даярдап, алмурутту алып атырылтып спринцовка менен жууйт. Анан ромашканын суусу менен жатып алып, жай спринцовкалап жууйт. Күн алыс 4-5 жолу жасалат. Анан 2 алоэнин жалбырагынын ширесин сыгып алып, 2 кашык таза бал кошуп аралаштырып, 10 даана куйрук майды 15-20 см узундукта кесип аралаштырып, күнүгө 10 кесилген майдан жатаарда тампон коюлат. Балалуу болгон көп киши айыгып кеткен.

Тишке суук тийсе, какшатып ооруса, тиштин эттери жарылса, оозуң сасып турса, чачың түшсө, ромашка демдеп оозуңа бир аз кармап туруп түкүрүп кой, 4-5 күн кайтала. Башты жууганда ромашканы демдеп 2 күндө 1 жолу чайкаш керек, чач түшпөйт. Бетке ысык чыкса ромашканын чайы менен чайкайт.
 

Сүйкөөчү май

2 кг ромашканын гүлүн 5 л сууга 2 саат кайнатып, сүзүп, 1 л сызгырылган куйрук майды кошуп дагы жарым саат кайнатып, суутуп, муздаткычка коюп, суусун төгүп, сүйкөөчү май кылат. Бетке, сасык тумоого, геморройго, эркектер суук тийип импотент болгондо, аялдардын эмчектеринин учтарына жара чыкканда ромашка майын сүйкөш керек. Эркектер күнүгө жатаарда киндигинин астына май сүйкөп жатыш керек.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости