www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эдил Байсалов оозуна келгенди оттобой, кызматтан кетиши керек», - деди бүгүн, 26-апрелде NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.

- Эсенгул агай, Эдил Байсалов пенсияга чыгуунун жашын жогорулатуу боюнча маселени кыйытты. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Эдил Байсалов оозуна келгенди оттойт ал кызматтан кетиши керек деп эл талап кылганды мен да колдойм. Байсаловго окшоп ой жүгүрткөндөр бүгүнкү күн менен гана жашап бюджетти кантип толтурсак деген ою менен карапайым пенсионерлерди капа кылышууда. Өздөрү карыбас боло тургансып.

Пенсионерлердин проблемасы М.Абылгазиев Соцфонддун төрагасы болуп турганда башталган. Ал убакта ЖКнын депутаты элем. Ошол убакта ардактуу пенсияга чыга турган адамдардын келечегине балта чапкан, персоналдык пенсияны жоюу боюнча, сунуш киргизип Өкмөт бекитип берген.

Кезектеги сессияда бул боюнча, өмүр бою иштеген ишин так аткарып мактоо баракчасынан баштап мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон инсандарыбыздын 40 жылдап иштеген мээнетин жокко чыгарбадыңарбы. Андай болсо сыйлыгыңарды да жокко чыгаргыла. Жөн эле куру пиар кылып элди алдабай деп катуу айткам.

Туура эмес болуп калыптыр моюнга алам, президент менен макулдашып башка жагынан компенсация кылабыз деген сөзүн Премьер-министр болгондо да эстеп койгон жок. 6-7-чи чакырылыштын депутаттары ойлоп да койбоду.

Эми өлгөнгө көмгөн кылып дегендей Эдил Байсалов чет өлкөнүн мамлекеттерине теңеп, пенсиялык жашты көбөйтүүнү айтууда. Андан да дыйкандар соцфондго аз төлөп, мугалимдер менен тең пенсия албашы керек.

Иштебегендерге мамлекет эч карыз эмес деген сөздөрү, эл душманы айткандай болду. Биринчиден, чет мамлекетте керек болсо коңшу Казахстанда пенсия көлөмү алда канча жогору экенин жана чет өлкөдө жашоо минимумуна төп келген жумушсуздук пособия төлөнөрүн Эдик билбейби?

Билет, ал эми ошол өзү сындаган дыйкандардын ысык, суукка баткан күжүрмөн мээнетинин негизинде азык-түлүк коопсуздугу сакталып турганын жана өзүнүн, үй-бүлөсүнүн курсагы да ошол дыйкандардын артынан тоюп жүргөнүн эстен чыгарса керек. Мамлекеттин жардам бергени 3-5% гана дыйкандарга жетет. Муну да билбейби?

Албетте пулу толо болсо карапайым элди ойломок кайда. Батыштык ой жүгүртүүсү жана сасык саясаттын жолунан кайтпаптыр.

Эки отургучта талтайып отурсаң, чатың айрылат дегендей, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтан кетиши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости