www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«ККМ системасын киргизсек, ондогон жылдардан бери оңой акчаны мойсоп жаткандардын киреше булагы кан буугандай токтойт», - деди бүгүн, 24-январда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.

- Эсенгул агай, жаңы салык Кодекси ишке кирди. Ал ишкерлерге жеңилдик берет деп ишенсек болобу?

- Салык Кодексине киргизген өзгөртүүлөр өзгөчө бир салык, албетте ишкерлерге жеңилдик берет. Бизнестин өнүгүүсүнө шарт түзөт. Бирок мен 5-чакырылышынын депутаты болгондон баштап бүгүнкү күнгө чейин, салыкты төлөөнү карточка системасына өткөрүүнү сунуштап келем.

Бирок, натыйжа көргөн жокмун. Жетекчилер макул дешкенден башка иш болгон жок. Мисалы, Дордой эле базарын алалы, ал жерде патент менен иштешет. 2012-2015жылкы сурамжылоодо бери дегенде 50% патент албай эле салык кызматкерлеринин дайындап койгон адамдарына төлөп турушкан. Муну мыйзамды ыйык туткан ишкерлер да айтып берген.

Ошондуктан, мамлекеттин аймагында салыкты карточка системасына өткөрсө мамлекеттик бюджетке кыйла каражат түз түшөт. Коррупцияга да чоң бөгөт болот эле. Карап көрөлү, биз убагында мегакомдун карточкаларын сатып алып каалаган сандагы бирдикти телефонго жүктөп алчы эмес белек.

Ушундай сыяктуу патент алган ишкерлерге жана мамлекетке келген туристтерге ошондой эле автотрассалардагы өткөрмөлөргө тиешелүү суммадагы карточкаларды чыгарып, элге ыңгайлуу болуш үчүн републикабыздын аймагындагы бардык соода түйүндөргө сатыкка койсо бюджет чоң утушка ээ болуп, бул тараптан коррупция токтомок.

Карточка системасын киргизилбей жатканы себеби да белгилүү. Ондогон жылдардан бери оңой акчаны мойсоп жаткандардын киреше булагы кан буугандай токтойт. Ошого байланыштуу менин сунушумду туура деп колдогон Өкмөт башчылары да иш жүзүндө кыймылдашпады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости