www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсеп палатасы 2025-жыл боюнча жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында бюджетке 11,5 миллиард сомдон ашык салык түшпөй калуу коркунучу аныкталганын билдирди. Текшерүүдөн кийин 3,2 миллиард сом кошумча эсептелип, аны бюджетке өндүрүү иштери башталган.

Ошондой эле курулуш иштеринде негизсиз төлөмдөр, эмгек акынын ашыкча төлөнүшү жана бухгалтердик эсептеги кемчиликтер аныкталган. Эсеп палатасы Мамлекеттик салык кызматына мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөрдү берди.

Ал эми Мамлекеттик салык кызматы аудиттин айрым жыйынтыктары менен макул эмес экенин билдирип, эмгек акы боюнча ашыкча төлөмдөр мурда мыйзамсыз жумуштан бошотулган кызматкерлерге сот чечиминин негизинде төлөнгөнүн маалымдады.

Последние новости