www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин бир катар көчөлөрүндө 10-апрелге чейин жаратылыш газы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкекгаз” кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жантөшев, Байтик баатыр, Лев Толстой, Кара-Дарыя, Горький, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндө, "Кыргызавтомаш" заводу, Макарон цехи, "Жыргал" мончосу, "Байтур" мончосу тарапта газ өчөт.
Бул аймакта жер астындагы орточо басымдагы газ түтүгүн куруу иштери жүрүп жатат.
“Бишкекгаз” түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.