www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эски 300 автобус сатылды, жакында миң автобус келет...

Жакынкы арада Бишкек шаарынын коомдук транспорту миң автобуска толукталганы турат. Натыйжада, коомдук транспорттун тартыштыгы дээрлик жоюлат. Бул жагынан Бишкек мэри Эмил Абдыкадыровдун жүргүзүп жаткан иши купулга толот десек жарашат. 

Мына учурда "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын" базасындагы эски автобустар сатылды. Учурда муниципалдык ишкананын базасында газ менен жүрүүчү жаңы автобустардын келишине даярдоо иштери кызуу жүрүүдө дешет мэриядан.

Ишкананын базасындагы 300 даана эски Ясин автобустары сатылды. Эски автобустардан чыккан таштандыларды чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти менен биргеликте Исакеев көчөсүндөгү жеңил конструкцияны бузуу иштери жүрүп жатат. Бул аймакты бузуп, өткөрүп берүү менен ишкананын аймагы 1,7 га кеңейет.

"Автопарк таштандылардан тазалангандан кийин асфальт төшөө, тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлүп, айланасы көрктөндүрүлөт. Мындан тышкары ишкананын аймагында газ толтуруучу компрессордук станциянын курулушу жүрүп жатат. Курулуш аянтчасын үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында аяктоо пландалууда.

Ишкананын жумушчуларына, автобус оңдоочуларына (слесарларга) ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, өндүрүштүк имаратты оңдоо, чатырын алмаштыруу иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости