www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эт менен сүт азыктарына антибиотиктер табылууда. Бул тууралуу мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Төлөн Ырсалиев маалымат жыйында билдирди.
Айтымында, Мамлекеттик ветинспекциясы азык-түлүккө мониторинг жүргүзүү программасы бар. «Инспекторлор азык-түлүк жана чийки заттын үлгүсүн алып, лабораторияга тапшырышат. Акыркы убакытта эт менен сүттүн курамында антибиотиктер аныктала баштады», — деди ал.
Аткаминердин берген маалыматына ылайык, учурда малды идентификациялоочу маалымат системасы иштелип чыгууда. Анын жардамы менен ветеринарларга сатылган дары-дармектерди көзөмөлгө алып, берилген рецептти кайтадан пайдаланууга бөгөт коюлат жана ветеринардык дары-дармектердин кимге, кайда сатылуусун байкап турат.
Булак: NazarNews.kg