www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 20-октябрында Ереван шаарында кол коюлган Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду (14 июля 2023 года № 136). 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 14-июнунда кабыл алынган.

Жогоруда аталган Мыйзам 2022-жылдын 20-октябрында Ереван шаарында кол коюлган Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Макулдашуу экспорттук кредиттерди (экспортту колдоонун бардык финансылык инструменттерин кошкондо) кайра камсыздандыруу, экспортко багытталган каржылоо жана мүчө мамлекеттердеги жана үчүнчү өлкөлөрдөгү ишкердик жана (же) саясий тобокелдиктерден инвестицияларды ишке ашыруу жолу менен үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга багытталган.

Алсак, макулдашууда Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жана анын уставын бекитүү каралган, анда компаниянын эл аралык уюм катары милдеттери, функциялары, укуктук статусу жана финансылык жактан камсыз кылуу өзгөчөлүктөрү аныкталган.

Жогоруда аталган компания өз ара сооданын, инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө, тараптардын (Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасы) ортосундагы экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга жана экспорттук кредиттерди (анын ичинде экспортту колдоонун бардык финансылык инструменттерди кошо алганда), экспортко арналган каржылоону жана инвестицияларды тараптарда жана үчүнчү өлкөлөрдө ишкердик жана саясий тобокелдиктерден коргоо чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруу аркылуу Тараптардын үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости