www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Еврейлер Орусия менен Украинаны жараштырабы?

Экстрансенс –маршал Шойгу алдын-ала көрө билип 2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кирген. Орусия Украинага шымааланып киришип, акыркы убакта бир жерден жылбай туруп калышты. Ушундан улам еврейлер ортого түшүп, Орусия делегациясынын курамына миллиардер еврей Абрамович кирди. СССР тараган соң Ельциндин командасына Абрамович, Березовский, Ходорковский сыяктуу жети еврей киришип СССРден калган Орусияны бөлүп алышкан. Бул тууралуу алар чет мамлекетке барганда, бүтүндөй Орусияны «жети еврей» бөлүп алдык деп мактанышкан. Алардын «крышасы» болуп Ельциндин жубайы еврей улутундагы Наина турган. Путин бийликке келген соң Ходорковскийди камап, Березовскийди жерине жеткире кубалап жүрүп жок кылган. Ал эми Абрамович «оозуна талкан сугунуп», чукчаларды башкарып калып аман калган. Эми Абрамович элчиликке аттанды.

Еврейлер тууралуу бир-ооз сөз. Кайра куруу маалында Бишкектин Орус тил институтунда Александр Машкевич деген еврей болгон. ПИРЯЛдын ректору Янцен аны көргөндө чуркап келип учураша турган. «Педагогиканын тарыхынан» лекция окуган Машкевичтин кыйратып лекция окуганын деле көргөн киши болгон эмес. Студенттерди 90 мүнөт күттүрүп коюп, бир пар бүтөргө чукул келе турган. Башка сабактарды 15 мүнөт күтүп кетип калчу студенттер анын сабагын 90 мүнөт күтчү. Машкевич лекция окучу эмес, бирок студенттерге 50 бет  «Педагогиканын тарыхынан» конспект жазып келүүсүн талап кылчу. Кокус 50 бет конспекти жазбагандарды 100 бет жазууга мажбурлоочу. 5-10 мүнөттө 100дөй студенттин конспектисин текшерип үлгүрчү. Кокус 48 бет болуп калса, 100 бет жазасың деп ыргытып жибере турган. Бир жакшы жери «таасирлүү» киши болсо уга турган жайы бар эле. «Таасирлүү» киши болсо анын лекциясына да, семинарына да барып кереги жок эле. Группадан эки-үч эркек балдар лекциясына да, семинарына да барбай койдук. Экзамен алганда бардык, «памяты» күчтүү экен: «Сен да ушул группада окуйсуңбу?» -дейт, анан чыгып алып кетип калды, «шпагралканы» кой, каалаган китепти алып кирип окуй бер. Канча даярдан билеттен башка суроону берип, бары бир жыдыта берди. Чөнтөгүндө тизмеси бар, ким кимден айттырды. Айттырдыңбы болду, сабакка келдиңби, келген жоксуңбу бары бир өтүп кетесиң, айттырган жоксуңбу «бегунок» алып артынан чуркап жүрүп, акыры бирөөнөн айттырып жатып өтөсүң. Мына еврейлердин башка элдерге берген билими. 80-жылдардын аягында туалеттерден бизнесин баштаган. Өркүндөп отуруп Казакстанга барып азыр Казакстандын мунайзаты анын колунда, еврейлер арасында мыкты миллиардерлердин бири. Батукаевди куткарам деп бир топ ортого түшүп жүрдү. Кийин Израилге кеткен эми дүйнөлүк саясатчы.

Орусия менен Украина ортосундагы байланыштарга еврей Роман Абрамовичтин катышуусун эки тарап тең жактырганын орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. «Эки тараптын ортосундагы байланыштарды ишке ашыруу үчүн, тиешелүү түрдө эки тараптан тең макулдук алуу зарыл, ал эми Абрамович боюнча бул жактыруу эки тараптан тең болду. Роман Абрамович орусиялык жана украиналык тараптардын айрым байланыштарын камсыздоого катышып жатат жана ал делегациянын расмий мүчөсү эмес. Бирок Стамбулга бүгүн ал биз тараптан барды», - деди Песков.

Шейшембиде Абрамович Долмабахче сарайында Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Стамбулда Орусия менен Украина ортосундагы сүйлөшүүнүн катышуучуларын куттуктап жаткан учурга катышкан видео тараган. The Times гезити 28-марттагы санында Абрамович орус президенти Владимир Путинге украиналык кесиптеши Владимир Зеленскийдин нотасын тапшырганын жазган. Анда, басылманын айтымында, Украинанын тынчтык келишиминин шарттары боюнча туруму көрсөтүлгөн.

Орусия менен Украинанын биринчи сүйлөшүүсү Беларустун Гомель облусунда 28-февралда болгон. Андан кийин 3 жана 7-мартта уланган. Еврей Роман Абрамович Орусиянын президенти Владимир Путин тарабынан дайындалган сүйлөшүүчү катары Стабулга барды. Бул тууралуу Түркиянын президентинин өкүлү Ибрагим Калын билдирди, деп маалымдайт ТАСС. Анын айтымында, антпесе ал санкцияга кабылган бардык ишкерлердей эле, Түркиянын аймагына кире албайт болчу. «Абрамович Түркияга сүйлөшүүчүлөр тобунун курамында келди. Ал Путин тарабынан сүйлөшүүчү катары дайындалган адам катары келди», - деди Калын.

Мурдараак маалымдалгандай, Абрамович, орус-украин сүйлөшүүсүнүн кезектеги этабы өтүп жаткан Стамбулга келип, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен делегациялардын жолугушуусунун алдында сөз сүйлөдү. Сүйлөшүүнүн чоо-жайы кабарлана элек. Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан. Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен «ДНР» жана «ЛНР» топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости