www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Думанын эл аралык комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий Евробиримдик мамлекеттери өзүлөрүнө энергетикалык кризисти жаратып жаткандыгын билдирди. Анын G7нин орус мунайына баанын чегине карата айткан билдирүүсүн РИА Новости жазды.

G7 өлкөлөрү менен Австралия россиялык өндүрүштөгү мунайдын баррелине баанын чегин 60 доллардан киргизүү боюнча бир жыйынтыкка келишкен.

"Евробиримдиктин мамлекеттери өздөрүнө энергетикалык кризисти жаратуу менен АКШны байытып жатат. Мындай саясаттын кесепети айланып келип, жакынкы убакта батыш өлкөлөрүнүн бийлигине тиет деп ойлойм", — деген Слуцкий.

Парламентарийдин айтымында, Россия мунайды арзан баада сатпайт.

"Биз үчүн сырткы жасалма "чектөөлөр" эмес, экономикалык бирдиктүүлүк маанилүү... Евробиримдиктин артынан "Чоң жетилик" дагы өзүнө ор казды. Россия жетекчилигинин өкүлдөрү мындай чечим кабыл алынса мунай берилбестигин бир нече жолу айтып келишкен", — деп кошумчалады ал.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости