www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик Украинага 90 млрд евро бөлөт

Евробиримдик Украинага 2026–2027-жылдарга 90 млрд евро көлөмүндө каржылык жардам көрсөтүү жолун макулдашты. Биринчи транш Украинага 2026-жылдын экинчи кварталынын башында түшүшү күтүлүүдө. Мындай жардам узак жана татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин ишке ашты. 

Макулдашууга ылайык, 60 млрд евро аскердик жардамга, ал эми 30 млрд евро Украина бюджетинин чыгымдарын жабууга багытталат. Каражат насыя түрүндө берилет.

Насыянын пайыздык төлөмдөрүн Евробиримдик өзү көтөрөт. Украина карызды Россия репарация төлөгөндөн кийин гана кайтара баштайт деп көрсөтүлгөн.

Бул механизмди каржылоого Венгрия, Словакия жана Чехия катышуудан баш тартты. Калган 24 мүчө мамлекет каражат бөлүүгө макул болду.

Последние новости