www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн аптада Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Мэрилин Йосефсон КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү менен бирге «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борборуна барды. Делегаттардын курамына Евробиримдиктин Өкүлчүлүгүнүн Кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер, eGA Эстония эки тараптуу кызматташуу долбоорунун туруктуу кеңешчиси Тынис Мэе, ошондой эле  Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин кызматкерлери кирди.

Иш сапар Евробиримдик менен өлкөнүн башкы санарип агенттигинин «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү боюнча биргелешкен иш-чараларынын алкагында болду. «Биз бардыгыбыз өлкөдө электрондук башкаруунун олуттуу жакшыргандыгын көрүп жатабыз. 2022-жылдагы Глобалдык электрондук өкмөт изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан 2020-жылы 83-орундан, 2018-жылы 91-орунга көтөрүлүп, 81-орунду ээлеген. Биз Кыргызстан өзүнүн эл аралык рейтингин көтөрүү аракетин көрүп жатканын жогору баалайбыз”, - деди Мэрилин Йосефсон.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова, республика үчүн санариптештирүү документ жүгүртүүнү электрондук форматка өткөрүүнүн гана натыйжасы эмес, мамлекеттик башкаруунун моделин трансформациялоонун терең процесси, мамлекеттин жарандар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүсү, санариптик технологияларды киргизүү аркылуу коомдун иштеши. «Европа Биримдиги маанилүү өнөктөш экенин белгилеп кетким келет жана биз европалык тарап санариптештирүү чөйрөсүн өз ара пайдалуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыты катары аныктаганын жогору баалайбыз», - деп кошумчалады министрдин орун басары.

Эске салсак, Евробиримдик Кыргызстандагы санариптик трансформацияны мамлекеттик кызматтарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана санариптик ажырымдын тобокелдиктерин азайтуу үчүн 2020-жылдан бери колдоп келет.

Жыйындын соңунда «Тундук» мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов конокторго «Тундук» порталы аркылуу электрондук кызматтарды көрсөтүү тутумунун иштөө принцибин көрсөтүп берди.

Белгилей кетсек, «Санарип аймак» бирдиктүү тутумунун жардамы менен мамлекеттик органдардын тутумдун ичинде бири-бири менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мындан тышкары, өлкөнүн бардык аймактарынын тургундары да мамлекеттик өкүлдөр менен баарлашып, электрондук форматта муниципалдык кызматтарды ала алышат. Бул калкты тейлөөнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости