www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

вробиримдиктин Россияга каршы санкцияларынын жаңы пакетинде импорт жана экспортко жаңы тыюулар, Россия мунайынын баасын көзөмөлдөө чаралары камтылат. Бул тууралуу РИА Новостиге Еврокомиссиянын өкүлү билдирген.

Ал санкциялар пакети боюнча сунуштар Евробиримдик өлкөлөрүнө макулдашууга жиберилгенин ырастаган.

"Россияга каршы санкциялардын жаңы 12-пакетине импорт жана экспортко жаңы тыюулар, Россия мунайынын баасын көзөмөлдөө жана санкцияларды айланып өткөн үчүнчү өлкөнүн компанияларына карата катаал чаралар камтылмакчы”, — деген ЕК өкүлү.

Анын айтымында, жаңы санкциялар пакети Россиянын Европа жана анын өнөктөштөрүнө экспорттогон алмаздан түшкөн кирешесин кыскартууга да багытталган.

"Бул биздин G7 өнөктөштөрүбүз менен тыгыз кызматташтыкта жасалууда. Санкциялардын жаңы 12-пакетинин негизиндеги Еврокомиссия менен ЕБдин жогорку төрагасы Жозеп Боррелдин биргелешкен сунуштарын комиссия кабыл алганын тастыктайбыз. Эми Евробиримдикке мүчө өлкөлөр пакетти, анын ичинде жогорку төраганын сунушун бир добуштан кабыл алып бериши керек", — деген ал.

Эскерте кетсек, былтыркы жылдын февралынан тарта Евробиримдик Россияга каршы санкциялардын 11 пакетин кабыл алган. Акыркысы быйыл июнда күчүнө кирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости