www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто Кызыл китепке кирген кийикти атып, мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январда Чоң-Алай РИИБине жашы болжол менен 35-40 жаш чамасындагы жаран Алтын-Мазар участкасында мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

--"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27-январь күнү саат 22:00 чамасында Чоң-Алай РИИБинин тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 30 жаштагы О.Э. аттуу жаранды аныкташкан. Ал Алтын-Мазар участкасынын Миң-Теке жайлоосунда өзүнүн мыйзамдуу ВЕПРЬ үлгүсүндөгү ок атуучу куралы менен сейрек кездешүүчү Кызыл китепке кирген бир баш кийикти атып, мыйзамсыз аңчылык кылып өлтүргөндүгү аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүүдөн кылмышка тиешеси бар буюм далилдер алынып, тергөө кызматына киргизилген", - деп жазылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости