www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Европа биримдигинин (ЕБ) 24-25-сентябрга белгиленген саммити 1-2-октябрга жылдырылганын билдирди.

Бул Мишелдин убактылуу карантинге алынганына байланыштуу —ал жакында коопсуздук кызматынын коронавирус жуктуруп алган өкүлү менен сүйлөшкөнү аныкталган.

Ошондой эле, Европа кеңешинин өкүлү Баренд Лейтц «Твиттердеги» баракчасына Шарль Мишель бир канча убакыт карантинде болушу керектигин жазды. Анын айтымында, кеңештин башчысы тез-тез тесттен өтүп жатат, дүйшөмбү күнү тапшырган акыркы анализи таза чыккан. Бирок Бельгиядагы эпидемиологиялык эрежелер боюнча ал карантинде болушу керек.

Белгилей кетсек, ЕБдин кезектеги саммитинде Брекзит боюнча сүйлөшүүлөрдөн тартып климаттын өзгөрүшү, Жер Ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндөгү суутек кендерин издөөгө байланыштуу Түркия менен Грекиянын ортосундагы чыңалууга чейинки маселелерди кароо пландалган. Мындан тышкары саммиттин күн тартибинде Беларус лидери Александр Лукашенкого каршы санкцияларды карап, кабыл алуу маселеси да бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости