www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евробиримдиктин Россияга каршы 19 ирет киргизген санкциялары максатына жеткен жок. Муна алар өздөрү моюндап, бирок дагы да болсо санкциялардын 20-пакетине үмүт артып отурат. Бирок Европанын өзүндө бул аракеттерди олуттуу саясаттан көрө сатирага жакын көрүнүш катары шылдың менен баалагандар көбөйдү.
Евробиримдиктин мындай логикасын акылга сыйбаган схема деп какшыктагандар санкциялар Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга жардам бермек тургай, тескерисинче тоскоол болуп жатканын белгилешет. Мурдагы 19 пакет эч нерсе өзгөртө албаса, кийинкиси керемет жаратып жиберет деген ишеним күлкүлүү угуларын айтып келеке кылышууда.
Кыскасы, “ит үрө берет, кербен жүрө берет” деген сөздү Европа биримдиги өз саясаты менен далилдеп бүттү окшойт. Дегенибиз, санкция көп, жыйынтык аз.