www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа коопсуздук маселесинде мындан ары АКШга мурдагыдай деңгээлде ишене албайт. Бул тууралуу НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин биргелешкен билдирүүсүнө таянып, Economist басылмасы жазды.

Алардын айтымында, Европа ондогон жылдар бою коргонуу жаатында АКШнын колдоосуна таянып келген. Бирок азыр бул мезгил аяктап, Европа өзүнүн аскердик жана коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө тийиш.
«Европа өзүнүн коопсуздугу үчүн зарыл болгон мүмкүнчүлүктөр боюнча АКШга өтө эле көз каранды болуп калды. Өз коргонуусунун негизги бөлүгүн башка мамлекетке жүктөп келген доор аяктады», — деп айтылат билдирүүдө.

НАТОнун мурдагы башкы катчысы Йенс Столтенберг да альянстын келечеги автоматтык түрдө кепилденбегенин айтып, Европа өлкөлөрүн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө чакырган. Анын пикиринде, бул кадам АКШнын НАТОдон чыгуу ыктымалдыгын азайтууга жардам бериши мүмкүн.

АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин бир нече жолу Вашингтон НАТОдон чыгышы мүмкүн экенин билдирген. Бул маселе Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшү менен кайрадан талкууга түшкөн.

Трамп март айында НАТОго мүчө өлкөлөрдү Ормуз кысыгындагы коопсуздукту камсыздоого жардам берүү үчүн аскердик кемелерин жөнөтүүгө чакырган. Бирок Германия, Франция жана Испания бул сунушту колдогон эмес. Ал эми Улуу Британия, АКШ президентинин айтымында, чечимин өтө кеч билдирген.
Трамп өнөктөштөрүнүн мындай позициясын «коркоктук» деп атап, муну келечекте эске аларын билдирген.

Последние новости