www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа орус газын Эрдогандын колунан алат

Түркияда орус газын Европага жеткирүү үчүн эл аралык газ борбору түзүлөт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кечээ, 19-октябрда парламенттин жыйынында билдирди.

«Азыр Европа келерки кышты жылуулук менен кантип камсыз кылуу маселеси менен алек. Бизде андай көйгөй жок. Биз Орусиянын президенти Владимир Путин менен өлкөбүздө газ борборун түзүү боюнча макулдаштык. Эми Европа Түркиядан жаратылыш газын буйрутма менен ала алат», - деди Эрдоган.

Орусия Федерациясынын президенти өткөн аптада «Орусиянын энергетикалык жумалыгы» форумунда сөз сүйлөдү. Анын айтымында, «Түндүк Агым» аркылуу жоголгон транзит көлөмүн кайра багыттоо үчүн Түркияда Европадагы эң ири газ борбору түзүлөт.

Эскерте кетсек, борбор түзүү маселеси Орусия менен Түркиянын президенттеринин 13-октябрда Астанада өткөн сүйлөшүүлөрүндө талкууланган.

Эрдогандын айтымында, борборду тез арада түзүү пландалууда жана ал үчүн эң ылайыктуу жер Түркиянын Европа бөлүгүндөгү Фракия аймагы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости