www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүндөгү компаниялар мурунку билдирүүлөрүнө карабай, Орусия Федерациясынан газ үчүн төлөмдү акыры жаңы система боюнча жүргүзүүгө макул болушту. Бул тууралуу Washington Post жазганын орус басылмалары кабарлашты.
Басылма бул орус тараптын жеңишинен кабар берээрин кошумчалап, Евробиримдик өлкөлөрү Орусиядан энергетика тармагындагы көз карандылыкты азайтуу боюнча чараларды талкуулап жатканын, бирок алар кыска мөөнөттө бул тармакта каатчылыкты болтурбоо үчүн олуттуу аракеттерди көрүүгө даяр экенин жазган.
Өткөн күнү бардык грек импорттоочу компаниялары орус газы үчүн рубль менен төлөөгө өткөнү белгилүү болду. Газ тармагындагы маалымат булактарынын билдирүүсүнө караганда, буга чейин Газпромбанкта эсептер ачылып, төлөм иштери жүрө баштаган.
Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак "Газпром" менен келишим түзгөн 54 чет элдик компаниянын жарымына жакыны жаңы схема боюнча газ төлөм жеткирүү үчүн рублдик эсептерди ачканын билдирген. Ошондой эле, газды рубль менен төлөө талабы аргасыз чара экенин белгилеп, экспорттук кирешени сактап калуу зарылдыгын айткан.
Булак: NazarNews.kg