www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик Украина армиясынын ресурсун сактоо максатында, аскердик кызматтан бошотулбаган украин жарандарына убактылуу коргоо макамын берүү боюнча чектөөлөрдү киргизүүдө. Бул тууралуу РФ ТИМинин өкүлү Владислав Масленников билдирген.

Анын айтымында, ЕБ аскерге милдеттүү украин эркектерин убактылуу коргоо алуу үчүн кайрыла ала турган адамдардын тизмесинен чыгарууда. Масленников бул чечимди Батыштын Украинага колдоо көрсөтүү саясатынын бир бөлүгү деп баалаган.

Буга чейин ЕБдин ички иштер боюнча комиссары Мангус Бруннер Киев 23 жаштан 60 жашка чейинки украин эркектеринин Европада убактылуу баш паанек алуу укугун чектөө өтүнүчү менен кайрылганын билдирген.

Последние новости