www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүнө каршы урулчу куралды Европа Орусияга бурууда

Рекорддук көрсөткүч эместир, бирок кандай гана мамлекеттик бюджет болбосун өтө талылуу маселелерден. Чынында күн баткыча күйүүчү-майлоочу майдын бир миң куб метри 2500 долларга бааланаарын эч ким элестете алган эмес эле деген ойдо Сергей Савчук. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

"Түндүк агым" боюнча газ сордуруу газ куурунун долбоордук кубаттуулугунан 20 пайызга төмөндөгөнү жөнүндөгү "Газпромдун" билдирүүсүнөн соң баа кескин асмандап кетти. Батыш басма сөзү чектен чыгып, кайрадан Россияга асылууга өттү. Аны энергетикалык ресурстарды европалык биримдикке жик салуу жана тышкы саясий кызыкчылыктарын басуу үчүн гибриддик курал катары колдонууга айыптоодо. Адатынча карандай калп.

Балтика деңизинин түбү аркылуу өткөн магистралдагы газ сордуруунун көлөмү россиялык Башкы штабдын айлакер планы үчүн азайган жок. Болгону газ сордуруу агрегаты пландуу техникалык тейлөө берилди. Германиянын жээктерине чейинки трассада ортодогу компрессордук станциялар жок. Адаттагы 164 миллион куб метрден суткасына отузга дейре түштү. Смоленскинин батышындагы трагикомедиянын экинчи бөлүгү экенин белгилеп коюу маанилүү.

Өткөн ай бою бүтүндөй Европа Siemens Energy компаниясы өчүрүп, демонтаждап жана Канадага оңдоого жөнөткөн алгачкы турбинанын тегерегиндеги окуяларга көз салып турду. Оттава Вашингтондун талабы менен агрегатты камакка алып, Орусияга каршы санкциялык саясатка шылтаган. Германия жана жалпы Европанын газ рыногундагы кырдаал таптакыр түпкүргө түшүп кеткенче бербей туруп алды.

Берлин бир топ жана узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин гана өз менчигин кайра кайтарып алды. Анткен менен ал кара жолтой турбина саясий чагымчылдык жана эки жүздүүлүктүн торуна тыгылып, "Портовая" газ-компрессордук станциясына чейин жетпей калды.

Германия анда да Орусияны айыптап, турбинаны өзүнө энчилеп алууну көздөп жатат окшойт деп шектенип, ушул себептен бажы документтерин толтурууну создуктурууда деген. "Газпром" аталган агрегаттын азыркы макамын жана газ түтүгүнүн ишинде жана анын инфраструктурасын тейлөөдөгү чектөөлөрдү түшүнбөй турганын билдирген.

Жөнөкөйлөтүп айтканда, ынтымактуу батыш жамааты кандай кадамга барары, маселен, өлкөгө киргизүүгө, ремонттоого жана калган Siemens турбиналарын алууга Канада уруксат берери же ар бир агрегатты убакытты создуктуруп, кыл чайнашып кайтарары дале анык эмес. Анан калса Германия тарабынан таанылган техникалык экспертизанын талаптарына ылайык, жакынкы айларда газ сордуруучу калган агрегаттар да оңдолууга тийиш.

Мурунку ай толугу менен Европа комиссиясынын альянстын катышуучуларынын жаратылыш газын керектөөнү 15 пайызга азайтуу талап кылуусу менен өттү. Бүтүндөй евроаймак жылына 396,6 миллиард куб метр көгүлтүр отту керектеген шартта европалык аткаминерлер ар бир өлкөнүн өндүрүшүнө кедерги тийгизбей тургандай 60 миллиард куб метрди азайтуунун айласын табууга тийиш. Бул бүтүндөй Германия калкы жана өнөр жайы чогуу колдонгон көлөмдөн да аздык кылат. Жагдайдын оор экенин долбоор жаңы энергетикалык математикада жооп таба албаган өлкөлөрдүн бир даары тарабынан дароо бөгөттөлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости