www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европада Дональд Трамптын АКШнын тышкы жана коопсуздук саясатын кескин өзгөртүшү мүмкүн деген кооптонуу күч алууда. Wall Street Journal белгилегендей, европалык лидерлер Вашингтон менен мамилени сактап калууга аракет кылганы менен, бул аракеттер Трамптын позициясын жумшартууга жетишсиз болуп жатат.
Негизги коркунуч катары АКШ президенти НАТОнун ролун жокко чыгарган же уюмдан иш жүзүндө баш тарткан билдирүү жасашы мүмкүн деген сценарий ишке ашып кетиши мүмкүн экени айтылууда. Эгер Трамп мындай кадамга барса, Европанын коопсуздук архитектурасында чоң боштук пайда болот. Бул жагдай Евробиримдиктин АКШсыз өз алдынча аскердик альянс түзүүгө аргасыз кылат. Бирок экономикалык өсүшү жайлап турган шартта мындай долбоор европалык өлкөлөр үчүн өтө кымбатка турушу ыктымал.
Азыркы тапта Трамптын Европага каршы 10 пайыздык бажы төлөмүн киргизип жатышы жана Гренландия боюнча агрессивдүү позициясы Вашингтон менен союздаштардын ортосундагы ишеним кризисин тереңдетүүдө. Натыйжада бул көрүнүш НАТО ичиндеги чыңалууну ого бетер күчөттү.
Аналитиктердин баамында, Европа бүгүн стратегиялык тандоонун алдында турат. Башкача айтканда АКШга болгон коопсуздук көз карандылыгын сактап калуу, болбосо кымбатка турса да, өз алдынча коргонуу системасын куруп баштоо. Трамптын саясий стили бул тандоону тездетип жаткан негизги факторго айланууда.