www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы төрт жыл ичинде Европада абанын өтө ысып кетишине байланыштуу 200 миңден ашуун адам каза болгон. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа бюросу билдирди.
Уюмдун Европа боюнча директору Ханс Клюге климаттын өзгөрүшү келечектеги эмес, азыркы учурдагы олуттуу коркунуч экенин белгиледи. Анын айтымында, аптаптуу ысык саламаттык сактоо тармагына жана инфраструктурага чоң зыян алып келүүдө.
Адистердин маалыматына ылайык, ысыктан өзгөчө улгайган адамдар, балдар, жүрөк, өпкө жана бөйрөк оорулары бар жарандар, ошондой эле ачык асманда иштегендер көбүрөөк жабыркайт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мамлекеттерди ысыкка каршы чараларды күчөтүүгө чакырып, салкындатуучу жайларды көбөйтүү, иш убактысын ыңгайлаштыруу жана күндүн эң ысык маалында сыртта жүрүүнү чектөө зарылдыгын белгиледи. Уюмдун баамында, экстремалдуу ысык азыркы доордогу эң кооптуу климаттык коркунучтардын бири болуп саналат.