www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европалыктар Украинадагы жаңжалды улантуудан оңой эле баш тарта алышпайт, анткени алар бул ишке терең аралашып калышкан. Бул тууралуу НАТОнун мурдагы кеңешчиси жана Швейцариянын Генералдык штабындагы отставкадагы полковник Жак Бо Deep Dive YouTube-каналына берген маегинде билдирди.
"Европа – бул жаңжалдын бир бөлүгү, алар чечим кабыл алууга катышып, Украинаны ар дайым колдоп келишкен. Атүгүл Зеленскийди 2022-жылы тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартууга ынандырышкан. Ошондуктан алар өз жеңилишин моюнга алып, жаңжалды курчутуудан баш тартуу абдан оор", – деди ал.
2022-жылы Түркияда Украина менен Орусиянын делегациялары дээрлик тынчтык келишимине жетишкен. Бирок ошол учурда Киевге келген Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон Владимир Зеленскийди тынчтык келишимине кол коюудан баш тартууга көндүрүп, күрөштү аягына чейин улантууга чакырган.
Аналитик ошондой эле Орусия Минск жана Стамбулдагы алдамчылыкты унутпайт, ошондуктан жаңы сүйлөшүүлөр Орусиянын шарттарында гана жүргүзүлөрүн белгиледи.
"Маселе, алар башынан эле калп айтып келишкен <…> Европада бул жаңжалды СССРди калыбына келтирүү, Украинаны басып алуу аракети катары көрсөткөн. Европалык саясатчылардын аң-сезимине 'залым Орусия' идеясы терең сиңип калган", – деп жыйынтыктады Бо.
11-мартта Парижде Франциянын президенти Эммануэль Макрон Евробиримдиктин армия башчыларын чогултуп, Украинага батыш аскерлерин жайгаштыруу маселесин талкууламакчы.
Шаршемби күнү Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорню да Парижде Польша, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен жолугушуу өткөрөт.