www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Евровидение" эл аралык ыр сынагы Украинада эмес, Улуу Британияда өтөөрүн уюштуруучулар билдирди.
"Европалык телерадиоберүү биримдиги (EBU) жана Би-би-си "Евровидение-2023" сынагынын Улуу Британияда өтөөрүн тастыкташты", — деп айтылат сынактын расмий сайтында.
Ошол эле учурда Украина “чоң бештик” (мелдештин түзүлүшүнө эң чоң салым кошкон өлкөлөр) менен бирге автоматтык түрдө сынактын чоң финалына чыгаары белгиленген. Уюштуруучулар ошондой эле алдыдагы шоуга "украин элементтерин" киргизүүнү көздөшүүдө.
Мелдеш өтө турган шаар кийинчерээк аныкталат.
Евровидение 1956-жылдан бери өтүп келет. Австралия сынакка 2015-жылдан бери катышып келет.
Булак: NazarNews.kg